Жыл башынан тарта Бишкектин бир эле районунда 1805 үй-бүлөлүк зомбулук катталган


Кыргыз Республикасы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу аракеттерине карабастан, акыркы күндөрү катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшү, тынчсызданууну жаратууда.

Алсак, Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык, райондун аймагында 2025-жылдын 9 айында жалпы 1805 “үй-бүлөлүк зомбулук” жөнүндө факт электрондук каттоо журналында катталган. Алардын ичинен 1804 факт такталып (аялдарга карата 1653, эркектерге 118, жашы жете электерге 33), баарына убактылуу коргоо ордери тапшырылган.

Ошондой эле, жогоруда белгиленген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Биринчи май ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 70-бер. ылайык, (Үй-бүлөлүк зомбулук) 583 протокол түзүлүп, 579 факты боюнча сотко жеткирилген, анын ичинен камакка алынганы 313 жаран, коомдук ишке тартылганы 166 жаран, 27 жаранга сот тарабынан кыскартылган, 20 жаранга айып пул салынган.

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук

— үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, куугунтуктоосу, ошондой эле этибарсыз мамилеси.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун негизги беш формасын бөлүп алууга болот:

  • Физикалык жактан болгон зордук-зомбулук (түкүрүү, түрткүлөө, муштоо, кандайдыр бир катуу буюм менен коюп жиберүү, жаактан ары бир коюу, муунтуу, тепкилеп салуу, курал колдонуу, күйгүзүү).
  • Сексуалдык жактан болгон зордук-зомбулук (дайыма сексуалдык жактан кысым көрсөтүү, жыныстык жактан мамиле-ге барууга аргасыз кылуу же күч колдонуу, коркутуп-үркүтүү же шантаж жасоо, аял каалабаган формада жыныстык катнашка баруу же болбосо башка адамдардын көз алдында жыныстык катнаш кылуу, жабырлануучу аялдын ден соолугуна сексуалдык мунөздө зыян келтирүү же ооруксунтуу).
  • Психологиялык жактан болгон зордук-зомбулук (сөз менен шылдыңдоо, шантаж кылуу, өнөктөштүн үстүнөн болгон көзөмөлдү орнотуу максатында балдарга же башка адамдарга болгон коркутуп-үркүтүүлөр, жабырлануучуну кемсинтилген иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо).
  • Экономикалык жактан болгон зордук-зомбулук (балдарды камсыздоодон баш тартуу, кирешесин жаап-жашыруу, үй бүлөлүк кирешени жеке өзү үчүн гана сарп кылуу, акчалай чечимдердин көпчүлүгүн өзү чечип, акчаны өзү каалагандай сарптоо).
  • Чоң кишинин үстүнөн болгон көзөмөлгө балдарды пайдалануу (балдарды барымта катары пайдалануу, бал-дарды чоң кишинин үстүнөн болгон физикалык жана психикалык зордук-зомбулукка тартуу жана мажбурлоо, манипуляция кы-луу жолу менен балдарга ээ болуу максатында ата-энелик укук үчүн болгон күрөш, чоң кишини көзөмөлдөө үчүн, анын бала менен жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратуу).

    Зомбулукка кабылган жарандарга кеңеш:

  • Зомбулукка кабылган жабырлануучу милицияга (102 кызматына) жардам сурап кайрылуу.
  • Зомбулукка кабылган жабырлануучу кошуналарына жардам сурап кайрылуу.
  • Болгон зордук-зомбулук боюнча керектүү далилдерди чогултуу үчүн сырттан күбөлөрдү катыштыруу.
  • Эгерде жашаган жерде тууган-урук же тааныштар жок болсо, убактылуу баш калкалоочу жайларга жашап турууга болот.

Бул агрессордун документтерди жок кылып жиберүүсүнөн сактайт.

Эң негизгиси милициянын нөөмөттүк бөлүмүнүн, кризистик борборлордун, медициналык мекемелердин телефон номерин билип алуу зарыл. Анткени бул жерлерде балдар менен аялдарга керектүү жардамдар берилет.

Милиция: номери 102

Кыргызстандын кризистик борборлорунун ассоциациясы Бишкек ш., Киев көч., 27-үй, 401-батир, тел.: +996(312)66 15 92, e-mail: association.kg@gmail.com

Аялдар жана үй-бүлөлөр үчүн “Сезим” психологиялык кризистик борбору Бишкек ш., тел.: + 996 (312) 51 26 40, e-mail: sezim2008@gmail.com

Аялдар жана үй-бүлөлөр үчүн кризисгик борбор Бишкек ш., Трудовая көч., 10 тел.: +996(312) 64 48 71