«Корзинка 312» ишканасынын директору 10 жылдан бери мөөнөтү өткөн товар киргизип жүргөн


КР УКМК тарабынан мамлекеттин экономикалык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында «элиталык импорттук продукция»-делген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүүнүн, жасалмалоонун жана сатуунун кылмыштуу схемасы аныкталып жана ага бөгөт коюлду.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык: 10 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөбүздүн базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка 312» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жараны 1988-жылы туулган «З.С.Н.», 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.

2025-жылдын 10-июнунда «Корзинка312» ЖЧКсына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 379-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран, чет өлкөлүк сатуучулар менен тил табышып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан.

Европадан – италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон.

Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар «чет өлкөдөн келген деликатес» деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөрдүн дасторкондорунан орун тапкан.

Тинтүү учурунда, аталган компаниянын төмөнкү даректердеги кампаларында: Бишкек шаары, Набережная көч., 16; Жукеева-Пудовкина көч., 616 (Корзинка дүкөнү); Интергельпо көч., 1-үйдө – сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк продукцияларын мыйзамсыз алып келүүнүн жана сатуунун ири масштабдуу схемасына бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы боюнча — 2025-жылдын 27-ноябрында баардык конфискацияланган, мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар КР УКМК жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргелешкен көзөмөлүнүн астында жок кылынган.
Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды жок кылуу бардык экологиялык коопсуздук шарттарын сактоо жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу менен жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын кампаларында жасалма продукциялардын ири партиялары аныкталып, кармалгандан кийин КР УКМК тарабынан мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү иштери демилгеленген.

Өз кезегинде, КР Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин «Бишкек-Аламүдүн» аймактык башкармалыгы тарабынан ыкчам түрдө эксперттик комиссия түзүлүп, алар тараптан мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар мпнен товарларды жок кылуу ыкмалары жана орду боюнча оң корутунду берилген.

Иш-чаранын максаты — кылмыштын алдын алуу гана эмес, анын экологиялык кесепеттерин толугу менен жок кылуу. Бекитилген жок кылуу ыкмалары конфискацияланган жана мөөнөтү өтүп кеткен продукциялардын Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнө зыян келтирбөөсүн камсыздайт.
Жок кылуунун бекитилген ыкмалары:
* Суюк продукциялар (соустар, майлар) щелочтоо (акиташ менен суюлтуу) аркылуу зыянсыздандырылат. Лабораториялык анализден кийин алар борбордук канализация системасына агызылат;
* Пластик жана айнек идиштери кайра иштетүүчү жайларга жөнөтүлөт;
* Темир банкалары кайра иштетилет;
* Кайра иштетүүгө жараксыз таңгактар жана тамак-аш калдыктары атайын өрттөөчү жайда өрттөлөт же атайын полигонго көмүү жолу менен жок кылынат.

КР УКМК ЖАНА КР ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ
Кыргызстан — чет өлкөлүк жарактан чыгарылган азык-түлүктөрдүн таштандысы эмес. Мөөнөтү өтүп кеткен товарларды «премиум» үлгүсүн колдонуп жашыруу аракеттери, өлкө жарандарынын ден соолугуна каршы жасалган кылмыш катары саналат.
Биз ишкерлерди көмүскө схемаларга катышуудан алыс болууга, кадыр-барктуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларына артыкчылык берүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттин пайдасы үчүн чынчыл иштөөгө чакырабыз. Бүгүнкү күндө кээ бир жаркыраган таңгактын артында, адам өмүрү үчүн реалдуу коркунучтар болушу мүмкүн. Ал эми бул сыяктуу мыйзамсыз жолдор менен жарандардын ишениминен пайда көргөн ар бир адам – мамлекеттин мыйзамдарынын алдында толук негизде жоопкерчилике тартылат.
КР УКМК ЖАНА КР ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ СУНУШТАЙТ
Сиз өзүңүздүн товар жеткирүүчүлөрүңүздү кылдат текшериңиз — айрыкча, документтердин толук пакетин көрсөтпөстөн туруп, арзандатылган баада «эксклюзивдүү» товарларды сунуштагандардан этият болуу зарыл. Шектүүлүк жараткан ортомчулардан товар сатып алуудан алыс болуңуз. Мыйзам чегинде иштеген ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларына артыкчылык бериңиз. Ошондой эле лабораториялык сертификаттардын, ветеринардык жана фитосанитардык маалымкаттардын жана импорттоо декларацияларынын түп нускаларын талап кылыңыз.
Кафеде же ресторандагы кардар — жасалма эмес, сапаттуу азык-түлүк үчүн төлөп жатканына ишениши керек.
Бүгүнкү күндөгү товар жеткирүүчүгө коюлган дооматтары — эртеңки күнү сизге каршы кылмыш ишинин козголуусуна толук негиз болушу мүмкүн.