11-декабрга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 1…6, Ош менен Жалал-Абадда 5…10, Баткен аймагында 4…9, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…-6, Нарында -6…-11 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада 4…6, Ош шаарында 8…10 гардуска чейин жылуу болот.