Түптө кар күрткүсүнөн сегиз унаа чыгарылды


Ысык-Көл облусунун Түп районунда 10-декабрь күнү кечинде аба ырайынын кескин өзгөрүшү кар күрткүлөрүнө алып келди. Токтоян-Чоң-Тогузбай-Михайловка жолунда сегиз унаа карда тыгылып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Басма сөз борборунан алынган маалыматка караганда, окуя болгон жерге ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ барды.

Бардык унаалар кар күрткүлөрүнөн чыгарылды.