Аталган жаңы норма 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кирет.
Регламент боюнча добуш берүүнүн ачык, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү сыяктуу түрлөрү бар. Буга чейин парламентте келбей калган депутаттар үчүн добуш берип койгон учурлар көп эле катталып коомчулукта кызуу талкууларды жараткан.

