Долон, Ала-Бел ашууларындагы киргизилген чектөөлөр алынды


Транспорт министрлиги Нарындагы Долон жана Бишкек — Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынганын билдирди.

Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Түз-Бел ашуусундагы чектөөлөр күчүндө турат. Аталган аймакта бороон басыла элек.

Калган ашуулар менен жолдордо каттам бар экени айтылды.