УКМКнын кызматкери Эркинбек Маканбаев мезгилсиз дүйнө салды


КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы полковник Маканбаев Эркинбек Чакановичтин 2025-жылдын 11-декабрында мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.
Эркинбек Чаканович, 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган, 1994-жылы Ош жогорку технологиялык колледжин, ал эми 2015-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУда “юриспруденция” адистиги боюнча магистр даражасын аяктаган.
Эркинбек Маканбаев Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында 2001-жылы кызмат өтөй баштаган жана 2025-жылга чейин ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарды ээлеп, иш алып барган.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишилген оң натыйжалары үчүн ал мекемелик сыйлыктар жана стимулдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сыйлыктар менен сыйланган.
Эркинбек Чаканович менен бирге кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондордун баары аны татыктуу жетекчи, чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер жана милдетин жогорку деңгээлде сезген инсан катары эскеришет.
Ал бир нече муундагы коопсуздук кызматкерлерин тарбиялап, аларга ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, чекисттик салттарын урматтоого, туруктуу жана берешен болууга, коопсуздук кызматкери деген наамды бийик кармоого жана өз мекенин сүйүүгө үйрөткөн.
Эркинбек Чаканович боорукер жана мээримдүү инсан, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ал биздин эсибизде ушундайча сакталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.