УКМК: Талас облусунун Манас районунда жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


КР УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча активдүү иш-чаралардын жүрүшүндө 7,28 га аянттагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүнү аныктады.
Натыйжада КР УКМК жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.
УКМК КР Жер кодексин бузууларга жол бербөө жана мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу аракеттерине бөгөт коюу жөнүндө эскертет.