Бүгүн, 16-декабрь саат 10:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыр №9 жол тейлөө ишканасы тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Министрлик айдоочуларды унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга, керектүү шаймандарды алып жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырды.

