Мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдерге жана белек алууга чектөө киргизилди


Быйыл мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө жана жетекчилердин кызматкерлеринен баалуу белек алуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын өткөрүлгөн корпоративдер айрым учурларда ашыкча чыгымдар менен коштолуп келген. Мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерге белек берүүгө мажбур болуп, ыңгайсыз абалга туш болушкан. Ушуга байланыштуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынган.

Өкмөт башчы бул чараны айрым жетекчилер туура эмес түшүнгөнүн белгиледи: чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү, ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын токтотууга болбойт.