№2 электробус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү


№2 электробус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 23-декабрдан тартып, №2 электробус каттамынын жүрүү схемасына жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилет.

«Бул чечим коомдук транспорттун ишин оптималдаштыруу жана шаар тургундарына көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.