Тажикстандын мажлиси (парламенттин жогорку палатасы) көзү ачыктар менен төлгөчүлөрдүн кызматынан пайдалангандарга айып пул салуу каралган түзөтүүнү колдоду. «Озоди» радиосу жазганына караганда, аларга баргандарды Административдик кодекске ылайык 3750-4500 сомони (405-486 доллар) төлөөгө милдеттендирсе болот.
Тажикстанда көзү ачыктык кылып, төлгө ачып, акча табуу мыйзамсыз деп саналат. Быйыл июль айында Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча мындай иштер менен алектенгендерге 3700 сомониден 4500 сомониге (400-500 доллардай) чейин айыппул киргизилген.

