Токмоктогу мал базар жабылат. Себеби айтылды


2026-жылдын 1-январынан тарта Токмоктогу мал базар жабыла турганын шаар мэриясы билдирди.
Маалыматта мындай чечим инженердик, санитардык жана ветеринардык инфратүзүм жок болгону үчүн кабыл алынганы айтылат.
Текшерүү учурунда төмөнкүдөй алешемдиктер аныкталган:

малды кароо жана сатуу үчүн шарт жок;

аймактын санитардык абалы начар;

коомдук жайларда, анын ичинде дааратканада да шарт жок;

дренаж жана суу агып кетүүчү арыктар жок болгондуктан дайыма чыла;

соода объектилерин жайгаштырууда шаар куруу жана жер мыйзамдары бузулган;

базардын аймагында жол коопсуздугу камсыздалган эмес.