Бүгүн, 23-декабрда борбор калаанын аэропортунун иши татаал аба ырайына байланыштуу кайрадан бузулду. Аэродромду каптаган коюу туман жүгүртмөнү өзгөртүүгө себеп болду. Онлайн-таблонун маалыматы боюнча, учактарды кабыл алууда да, учурууда да маселелер жаралууда.
Учурда учуп келе турган 10 каттам кармалып, бирөө толугу менен жокко чыгарылды. Учуп кете турган каттамдар боюнча да абал оор: жети рейс кармалып, экөө токтотулду. Жүргүнчүлөргө каттамдарынын статусун алдын ала текшерип алуу сунушталат.
Мындай кырдаал кечээ да байкалган, анда көрүү мүмкүнчүлүгү 400 метрге чейин төмөндөгөн (талап кылынган норма — 800 метр). Бул 11 каттамдын токтотулушуна жана төртөөнүн кармалышына алып келген.

