Ак-Талаадагы сафлор майын чыгарган ишкананын ийгилиги


Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү багытында маанилүү кадам ташталды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВВП ООН) долбоорунун каржылоосу менен сафлор майын чыпкалоочу ишканага Түркия Республикасынан заманбап өндүрүштүк жабдуулар алынып келинип, ишке киргизилди. Учурда ишкана туруктуу иш алып барууда.

Жаңы өндүрүштүк линиянын мүмкүнчүлүгү суткасына 800 килограммга чейин сафлор майын сыгууга жетет. Бул өндүрүш көлөмүн олуттуу жогорулатууга шарт түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин ишкана кардарлардын суранычынын негизинде күнүнө 50 литрге чейин гана май чыгарып келген. 2023-жылдын күз айларынан тартып ишин баштаган ишкана өткөн жылы 5 тонна, ал эми быйылкы жылы 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштетти.

Учурда сафлор майынын бир литри 200 сомдон сатылууда. Бул долбоор аймактагы дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жараткан маанилүү иш-аракет болуп саналат.

Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүүнүн өнүгүшү аймактын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.