Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -8…-13 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +8…+10 градуска чейин көтөрүлөт.

