Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 30-декабрда үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү жаран кармалганын билдирди.
Милицияга Токмок шаарынын 49 жаштагы тургуну кайрылып, өз уулуна карата чара көрүүнү суранган. Аялдын айтымында, октябрь айында мас абалындагы уулу аны тилдеп, сабаган. Натыйжада жабырлануучунун колу сынган.
Бул факт Кылмыш-жазык кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча каттоого алынган.
Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

