А. Касымалиев жарманкеге катышты


Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган жарманке 27-31-декабрь күндөрү өтүүдө. Анын максаты жарандарды ата мекендик арзан азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.
Бүгүнкү жарманкеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев келип катышты. Адылбек Касымалиев жарманкеде сөз сүйлөп, мындай иштер ортомчуларды жокко чыгара турганына токтолду.
 “Урматтуу жарманкенин катышуучулары, сиздерди Министрлер Кабинетинин атынан кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Жума сайын Бишкекте айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатканына күбө болуп турдук.
 Бакыт Төрөбаевдин бул демилгеси товар өндүрүүчүлөр үчүн да, дыйкан-фермерлер үчүн да, товарын ортомчулары жок арзан сатып алып жаткан элибиз үчүн да жакшы болуп жатат. Фермерлер өз продукцияларын базар баасынан төмөн, ал эми айыл чарба ишканалары заводдук баада сунуштап жатышат.
 Мындай соода форматы өндүрүүчү менен керектөөчүнүн түз байланышына шарт түзүп, ортомчуларды жокко чыгарып, социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүндүк берип жаткандыгын белгилейм. Бир эле мисал – эт. Жарманкелерде белгиленген максималдуу баалардан ашырылбастан сатылууда. Уйдун эти 680 сомдон, ал эми койдун эти 690 сомдон ашкан жок. Мындай жарманкелер эмдиги жылы дагы улантылат”, — деди Касымалиев.