Кыргыз Республикасында өсүмдүк майын импорттоону алмаштыруу боюнча ырааттуу чаралар ишке ашырылууда. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздоо 2022-жылдагы 20,2 %дан 50,0 %га чейин көбөйдү, бул ички кайра иштетүүнүн өсүшүн жана рыноктун турукташуусун күбөлөндүрөт.
2025-жылы республика боюнча май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү 5 жаңы ишкана ачылды: 1 — Ысык-Көл облусунда, 2 — Нарын облусунда, 1ден — Талас жана Чүй облустарында. Мындан тышкары, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган 9 ири жана 136 чакан ишкана катталган.
2025-жылдын 11 айында 18,5 миң тоннага жакын өсүмдүк майы өндүрүлдү, ошол эле учурда өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздоо 56,5 %га жетти. Кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүү импортту кыскартууга жана ички өндүрүштүн мындан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда Министрлик май өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү сортторун жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Учурда Америка Кошмо Штаттарынан, Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан жана Түркиядан алынып келинген жаңы сорттор сыноодон өтүүдө. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун мамлекеттик реестрине туруктуу жана жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөткөн «Петрович» сафлордун сорту катталды.

