2025-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы үчүн маанилүү жетишкендиктер менен коштолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинде кызматтын алдындагы “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемеси атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен CHEVROLET TRACKER үлгүсүндөгү 6 даана кызматтык автоунаа сатып алды.
Аталган автоунаалар жалпы суммасы 9 766 200 сомду түзүп, ветеринардык лабораториялардын күнүмдүк ишин жеңилдетүү, талаа шартындагы иштердин ыкчамдуулугун жогорулатуу жана кызматкерлерге шарт түзүү максатында берилди.
Кыргызстанда ветеринардык лабораториялык кызмат 1927-жылдан бери калыптанып, учурда республика боюнча 19 лаборатория жылына орточо 3 миллионго жакын изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. ЕАЭБге мүчө болуунун алкагында лабораториялык инфраструктураны жакшыртуу, аккредитациялоо жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштер ырааттуу уланууда.
Жаңы автоунаалар ветеринардык диагностиканын сапатын жогорулатууга, мал ылаңдарынын алдын алууга жана өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошот.

