Салык кызматы жаңы жылдын алдында жасалма арак куйган цехти аныктады


Арча-Бешик конушундагы үйдөн 122 бөтөлкө жасалма продукция, спиртке окшош өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук жана аны куюу үчүн колдо жасалган жабдуулар табылган. Ар кандай аталыштагы этикеткалар менен 2 180 даана акциздик марка алынган.

Салыкчылар тиешелүү актыларды түзүп, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.