Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -9…-14 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9…+11, Ош шаарында +10…+12 градуска чейин көтөрүлөт.

