2025-жылы агросекторду каржылоо туруктуу жүргүзүлдү


 2025-жылдан тартып дыйкан-фермерлерди, кайра иштетүү ишканаларды жана жеке ишкерлерди колдоо жаңы деңгээлге чыкты. Мурда 2 гана мамлекеттик программа аркылуу берилсе, быйыл 5 мамлекеттик программа (Айыл чарбасын каржылоо – ФСХ-13) , КАПК, ФОТП, Асыл тукум жана Үрөнчүлүк боюнча долбоорлор) аркылуу жеңилдетилген насыялар сунушталууда.
2025-жылга каралган 12 млрд 242 млн сомдун ичинен 11 млрд 369 млн сом өздөштүрүлүп, каржылоонун аткарылышы 92,8 % түздү. Айрыкча “Айыл чарбасын каржылоо-13” программасы 100 %, ал эми “Агроөнөржай комплексин кредиттөө” программасы 166 % деңгээлде аткарылды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 12 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 9 млрд 707 млн сомдун 6 млрд 502 млн сому өздөштүрүлдү (67 %). Капиталдык салымдар боюнча да оң динамика байкалып, өздөштүрүү 64,6 % га жетти.
Бул көрсөткүчтөр — Министрлик алдыга койгон 5 артыкчылыктуу багыт боюнча жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгы. Жетишилген натыйжалар өлкөнүн агрардык сектору ишенимдүү өнүгүү жолунда экенин айгинелейт.