Айтматов проспектисинин түштүк тарабы ачылды


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриянын маылыматы боюнча, Түштүк магистралынан Семетей көчөсүнө чейинки бөлүк жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштеринен улам жабылган. Иш 1-январда башталып, 12-январда аяктады.

Кошумчалангандай, аталган аймакта төрт өтмөк менен аялдамалар курулат.