Кыргызстанда 25,5 млн баш жандыкка ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлдү


2025-жылы 25 миллион 546 миң баш мал жандыкка ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

“Республика боюнча 25 миллион 546 миң баш мал жандыкка ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлдү. Мунун ичинен 23 миллион 537 миң эмдөөлөр болсо, 12 миллион 17 миң башка диагностикалык изилдөөлөр өткөрүлдү. Андан сырткары 738 миң башка мите курттардан арылууга эмдөө жүргүзүлдү. Белгиленген планды 104 пайызга аткардык”, -деди ал.
Бакыт Шарапов билдиргендей, жугуштуу оорулар тарап кетпөөсү үчүн мал базарларда тыкыр көзөмөл жүргүзүлүүдө. “Мал базарга кирген малдар да, мал союучу жайга келгендер дагы ветеринарлар тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ар бир кардар эт алардын алдында сатуучудан ветеринардык көзөмөлдөн өткөндүгү жөнундө сертификатын сураса болот”, — деп кошумчалады Шарапов.