Садыр Жапаров ипотекалык батирлердин баасын айтты


Мамлекет башчы ипотекалык батирлер 4-8% менен берилип жатканын айтып, бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинен да төмөн экенин белгилеген.

“Мисалы, Бишкек жана Чүйдө чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп, жеке компанияларга тапшырма берип, салдырабыз. Анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет. Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллар болмок”, — деген ал.

Мамлекеттик ипотека батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппай калып жатканын, керек болсо 50 пайызын да жаппай турганын айткан.