Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова Кара-Кулжа районунун Ой-Тал, Көңдүк, Сары-Бээ, Кара-Таш, Терек-Суу, Капчыгай жана Чалма айылдарынын тургундары менен жолугушуп, элет жериндеги калктын кыш мезгилиндеги негизги көйгөйлөрү менен жакындан таанышты.
Жолугушууда жарандар жолдун абалы, Коо-Чаты айылындагы ДЭУнун базасын жандандыруу, электр энергиясынын, интернеттин үзгүлтүккө учурап жатышы, социалдык обьектилерди куруу, медициналык кызматтар боюнча маселелерди көтөрүштү. Эл өкүлү ар бир сунуш-пикирди кунт коюп угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүү жана көзөмөлгө алуу боюнча иш алып барарын билдирди.
«Элет жериндеги элдин жашоо шартын жакшыртуу – менин депутаттык ишмердүүлүгүмдүн маанилүү багыты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт», -деп белгиледи депутат Гүлнара Баатырова.

