Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 15-февралга чейин акысыз алмаштырууга болот


Кыргызстанда 15-январдан 15-февралга чейинки убакта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Декабрь айында айтылгандай эле, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, азыртадан барып алмаштырып алыңыздар», — деп белгиледи ал.