Бүгүн Ысык-Көл регионунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15…+20, Таласта +6…+11, Ысык-Көл аймагында +4…+9, Нарын чөлкөмүндө +10…+15 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8…+10, Ошто +18…+20 градуска жетет.

