Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 35 фитосанитардык талаптарды бузуу фактылары катталган
Жалпысынан алганда 562,5 тонна, анын ичинен 70515 даана (көчөттөр), 11387 даана (гүлдөр), 136 м3 пиломатериалдар түзгөн.
Анын ичинен:
🔹 Казакстандан келген – 15 факты, 271,88 т;
🔹 Россиядан келген – 5 факты, 117 тн, 136 м3;
🔹 Өзбекстандан келген – 7 факты, 80,82 тн, 70515 даана;
🔹 Кытайдан келген – 4 факты, 51,28 тн, 8050 даана гүлдөр;
🔹 Тажикстан – 1 факты, 3,5 т;
🔹 АКШ – 1 факты, 18 т;
🔹 Монголия – 1 факты, 20 т;
🔹 Нидерланды – 1 факты, 3337 даана гүлдөр.
Фитосанитардык талаптарды бузган товарларга карата кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу сыяктуу фитосанитардык чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле, Кытай жана Нидерланды мамлекетине дипломатиялык каналдар аркылуу нота жиберилген.

