Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан сугат тармактарын 2026-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.
Учурда Кара-Суу районуна караштуу бардык сугат каналдарын тазалоо, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Каналдардын нугун тоскон ылай-баткак тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында тиешелүү техникалар тартылган. Ошондой эле каналдардын жээгинде мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп, суу коргоо зоналарын бошотуу максатында бак-дарактар кыйылып, тазалоо иштери аткарылууда.
Мындан тышкары, гидротехникалык курулмалар текшерүүдөн өткөрүлүп, эскирген бөлүктөрү оңдолуп, зарыл болгон жерлерде жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер 2026-жылдын сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Даярдык иштери бекитилген графикке ылайык улантылып, сугат мезгили башталганга чейин толук жыйынтыкталат.

