Бишкекте жатаканадан өрт чыгып, бир адам каза болду


Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү.

ӨКМ билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрт болгон жерде 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.