Тез татым түйүнү пландан тышкаркы текшерүүдөн кийин айып пул салынып, жабылды


2026-жылдын 15-январында «Даамдуу» аталышындагы тез татым түйүнүнөн алынган тез даярдалуучу тамак-ашты колдонууга байланыштуу массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталды.

2026-жылдын 16-январына карата таңкы сааттардагы маалымат боюнча жабыркагандардын жалпы саны 23 адамды түзөт, алардын 5и балдар.

18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу.
5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 2026-жылдын 15-январында аталган тез татым түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонгону аныкталган. Ар кандай бейтаптарда алгачкы белгилер бир сутканын ичинде пайда болуп, андан кийин медициналык жардамга кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан объектке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн азык-түлүк чийки заттарынан, жабдуулардан алынган жуундулар жана даяр продукциянын калдыктары алынган. Ошондой эле персонал ичеги инфекцияларынын козгогучтарын алып жүрүүчүлүккө текшерүүдөн өткөрүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 3 протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 80-беренеси, 214-беренесинин 1-бөлүгү жана 214-беренесинин 5-бөлүгү боюнча жалпы суммасы 41 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу тууралуу токтомдор чыгарылды.

Жетекчисине 2026-жылдын 15-январынан тартып объектти жабуу тууралуу санитардык көрсөтмө берилди, имарат мөөрлөндү. Эпидемиологиялык иликтөө улантылууда.

Шаурма жана башка тез татым тамактары эпидемиологиялык коркунучу жогору продукцияларга кирет, айрыкча даярдоо технологиясы, сактоо шарттары, температуралык режим бузулганда же персонал тарабынан жеке гигиена эрежелери сакталбаганда.

Департамент коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн ишкерлерге тамак-аш коопсуздугу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертет жана санитардык эрежелерди жана нормаларды так сактоого, өндүрүштүк көзөмөлдү камсыздоого, медициналык кароодон өткөн персоналды гана ишке алууга чакырат.

Жарандарга тамак-аш продукцияларын уруксат берилген гана тамактануу жайларынан сатып алуу, соода түйүнүнүн санитардык абалына көңүл буруу, тамак-аштан уулануунун белгилери пайда болгон учурда дароо медициналык жардамга кайрылуу сунушталат.

Тамак-аштан уулануунун алдын алуу аны дарылоого караганда жеңилирээк. Тез татым ишканалары тарабынан санитардык нормаларды сактоо жана жарандардын тамак-аш тандоодогу жоопкерчиликтүү мамилеси массалык ууланууларды алдын алуунун негизги факторлору болуп саналат.