Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги – автоматташтырылган маалыматтык тутум боюнча – бир апталык маалыматтык кампания жүргүзүп жатат.
Белгилей кетсек, министрликте жалпы 35 маалыматтык тутум болсо, анын 22си толук кандуу ишке киргизилген. Ал эми 10 кызмат иштеп чыгуу стадиясында. Бүгүн сиздерге Ветеринария, мал чарбасы, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын «Санарип VET» системасы боюнча маалымат беребиз.
Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматы жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү максатында «Санарип VET» автоматташтырылган маалыматтык системасын жигердүү колдонуп жатат. Бул тутум кызматтын борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык көзөмөл пункттарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылат.
Система «Түндүк» жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын «Бирдиктүү идентификациялоо системасы» (ЕСИ) менен туташтырылып, бардык электрондук документтер цифралык колтамга менен тастыктоого шарт түзүлдү.
Азыркы учурда:
Мурда ветеринардык документтер кагаз түрүндө гана берилчү. Азыр аларды электрондук форматта тариздөөгө мүмкүнчүлүк бар, анын ичинде:
«Санарип VET» системасынын негизги максаты – ветеринардык көзөмөлгө алынган азыктарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө процесстерин камсыз кылууга, өлкөгө кирүүчү контрафакттык продукцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, калктын тамак-аш коопсуздугун жакшыртууга жана чыңдоого мүмкүндүк берүү.
Видео бул жакта: https://www.youtube.com/watch?v=Kg2uC-2VnYw

