Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын санариптик өнүгүү боюнча иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында «Суунун бирдиктүү маалыматтык системасы» (АИС ЕИСВ) автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты.
Жаңы система ирригация тармагындагы суу ресурстарын комплекстүү башкарууга багытталган жана сууну берүү процессин пландаштыруунун, эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыздоого багытталган.
АИС ЕИСВ ирригациялык фонддун объектилери жана субъекттери, суу пайдалануучулар, суу чарба курулмалары жана ирригациялык системалар боюнча маалыматтарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте бириктирет. Система сугат суусун берүүнү пландаштырууга, суу керектөөнү эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө, суунун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле регламенттелген отчеттуулукту түзүүгө мүмкүндүк берет.

