19-декабрга карата Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөлүк World Air Quality Index рейтингинде 1-орунду ээледи. Учурдагы AQI көрсөткүчү 449 бирдик болуп, эл аралык классификацияда бул деңгээл «өтө зыяндуу» деп бааланат.
Айрым райондордо абал мындан да курч экени айтылды. Маселен, Чоң-Арык сыяктуу аймактарда көрсөткүч дээрлик 800 AQIге жетип, бул ден соолук үчүн өзгөчө коркунучтуу деңгээл катары мүнөздөлөт.

