Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси алмашты


Талантбек Ташибеков Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Ачык булактарда Ташибеков 2015-жылы түзүлгөн «Умра тур» ЖЧКсынын директору катары да көрсөтүлгөн.

Буга чейин агенттикти Азамат Юсупов жетектеп келген. Ал 2025-жылдын апрелинде дайындалган.