Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн


Бул тууралуу  Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мекеменин адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, өткөн жылдын сентябрынан бери борбор калаада батирлердин баасы чарчы метри үчүн 1 400 доллар деңгээлинде туруктуу кармалып турат.
“Ошондон бери кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын өсүү темпи жайлады. Буга чейин чарчы метрдин баасы кескин жогорулаган, бирок азыр кырдаал өзгөрүп жатат”, — деди эксперт.
Ал белгилегендей, быйылкы жылдын I чейрегинде бааларда олуттуу өзгөрүү күтүлбөйт, бирок божомолдорго ылайык, II чейректе баалар акырындык менен төмөндөй баштайт.