Чүйдө өз энесине кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды


Чүй облусунда 47 жаштагы жаран өз энесине зомбулук көрсөткөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, 3-январда Сокулук райондук милициясына 67 жаштагы аял кайрылган. Ал уулу Ш.А. мас абалында аны системалуу түрдө сабап, психологиялык зомбулук көрсөтүп келгенин айткан.

Соттук-медициналык экспертиза аялдын ден соолугуна жеңил залал келтирилгенин аныктаган. «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.