“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова дүйнө салды


“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жашында дүйнөдөн өттү.

Жакындары ал көптөн бери оору менен алышып келгенин айтышууда. Маркум 27-январда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет.

Айдай Асангулова — көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф. Ал кыргыздын салттуу кийимдерин жандандыруу, калыбына келтирүү жаатында эбегейсиз эмгек көрсөткөн.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.