Мурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыкты


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов абактан бошотулганын анын жакындары билдирди. Айрым ЖМКлар ал өлкөдөн чыкпоо тил каты менен чыкканын жазышууда.

2025-жылдын 22-ноябрында Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин суракка алынган. Кийин укук коргоо органдары анын кармалганын маалымдаган.

Маалыматтарда Атазовдун кармалышы «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши менен байланыштырылганы айтылган. Ал массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалган.