Бишкекте эки бала сууга чөгүп каза болду


Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМден Бакай-Ата конушунун Кыргыл-Чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылып, 2016-жылы туулган кыз жана 2019-жылы туулган баланын сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.