Бул тууралуу Satena авиакомпаниясы билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, учакта 13 жүргүнчү жана 2 экипаж мүчөсү болгон.
Жүргүнчүлөрдүн арасында Колумбия парламентинин депутаты да болгону айтылууда.
HK-4709 номерлүү учак Кукутадан Оканьяга бара жаткан. Ал радардан жоголуп кеткенден кийин издөө операциясы башталып, бирок аба ырайынан улам издөө иштери оорлошкон. Кийинчерээк учактагылардын бардыгы каза болгону кабарланды.

