Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борборунда заманбап лабораториянын курулушу жүрүп жатат. Учурда имараттын пайдубалы толугу менен тургузулду.
Долбоорго ылайык, лаборатория үч кабаттан турат жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдылат. Объект ветеринардык дары-дармектердин жана тоют кошулмаларынын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун көзөмөлдөө үчүн кызмат кылат.
Лабораторияны курууга республикалык бюджеттен 153 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалууда.
Жаңы лабораториянын ачылышы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө, мал чарбасында колдонулуучу ветеринардык препараттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын жогорулатууга, ошондой эле тармактын илимий-техникалык потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

