Санкт-Петербург соту Екатерина Биволду кыргыздар менен казактарды кемсинткени үчүн 60 сааттык жумушка тартты


Санкт-Петербургдун Ленин райондук соту Екатерина Биволду 60 сааттык милдеттүү жумушка тартуу чечимин чыгарды. Ал 2025-жылдын октябрь айында социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козуткан видео жарыялаганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайына карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук жана улуттук кастыкты козутуу) менен иш козголгон. Өткөн жылдын октябрь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту аны сырттан камакка алып, издөө жарыялаган. Бул кылмыш үчүн Кыргызстанда 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Казакстандын ИИМи да аны жоопко тартуу үчүн экстрадициялоо маселесин көтөрөрүн билдирген.