БАЭ Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карап чыгат


Кабмин башчысы Адылбек Касымалиев БАЭге болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн вице-премьер-министри жана ички иштер министри Сейф бин Заед Аль Нахайян менен сүйлөшүү өткөрдү. Негизги тема жарандардын өз ара каттамдарын жөнөкөйлөтүү болду.

Касымалиев кыргызстандыктар үчүн БАЭге визасыз режимди киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Ал былтыр айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу тууралуу документке кол коюу байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Сейф бин Заед Аль Нахайян визаны жокко чыгаруу маселесин кылдат иштеп чыгууну командасына тапшырарын айтты. Ошондой эле тараптар коопсуздук тармагындагы кызматташууну, укук коргоону санариптештирүү жана тажрыйба алмашууну, анын ичинде эмираттык адистерди Кыргызстанга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.