25 кабаттуу борбор Манас — Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине салынары айтылды. “Авиатор” аталышындагы имаратты “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы шаардын чок ортосуна курууну пландап жатат.
Айтмакчы, “Asman Airlines” ишканасы Бишкекке жана ага жакын жерлерге эс алуу жана иштиктүү тик учак каттамдарын ачууну пландап жаткан. Бул үчүн компания жакын арада тик учак сатып алмакчы.

