12-февралга карата аба ырайы


Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас аймагында 0…5, Ош, Жалал-Абад облустарында 5…10, Баткенде 4…9, Ысык-Көл өрөөнүндө 2…7 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 3…5, Ош шаарында 7…9 градусту көрсөтөт.