Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетти


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

«Бул менин жеке чечимим. Мага эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн жок. Мен Кыргызстанда эле болом», — деди ал.