Социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталды


Кыргызстанда социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталды. Программа аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 150 миң сом кайтарымсыз берилет, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.

Арыздар айыл өкмөттөрү же министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу кабыл алынат. 2026-жылы программага 13 334 үй-бүлө катыша алат.

Катышуу шарттары:
— социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлө
— эмгекке жөндөмдүү мүчөлөрү, мүлктүк потенциалы жана реалдуу бизнес-планы болушу
— артыкчылык: «жашыл» долбоорлор, «Бир айыл — бир продукт», майыптуулугу бар адам бар үй-бүлөлөр жана кирешелүү бизнес-план

Каражат бөлүү чечимин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же мэриялардын алдында түзүлгөн комиссиялар кабыл алат.